Өкмөт Орусиядагы сүйлөшүүлөргө Алексей Ширшов катышканын ырастады
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москвадагы Кыргызстан менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсүнө Алексей Ширшов катышканын “Азаттыкка” ырастады.
Ал сүйлөшүү жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча жүргөнүн белгилеген.
"Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча келишимди Кыргызстан бир тараптуу бузган. Орусия тарап эл аралык сотко берип Кыргызстанды утуп алган. Ошол боюнча карызыбыз бар. Башында 37 миллион доллар болчу. Туумдары менен 54 миллион долларга жетип калды. Карыз үчүн долбоорду башка инвесторлорго берүүгө мүмкүн болбой жатат. Алексей Ширшов долбоорду майда-чүйдөсүнө чейин билет",- деп жазат Амангелдиевдин айтканын "Азаттык" .
Данияр Амангелдиев Алексей Ширшовдун өкмөттө кандайдыр бир кызматы жок экенин, карызга байланыштуу маселени чечүүгө көмөк көрсөтүп жатканын кошумчалаган.
Буга чейин социалдык тармактарда Орусия менен Кыргызстандын делегацияларынын сүйлөшүүсүндө тартылган сүрөт тараган. Анда Кыргыз тараптын катарынан Алексей Ширшовду көрүүгө болот.
Ширшов коррупцияга шектелип 2022-жылдын 10-майында кармалып, эртеси күнү үй камагына чыгарылган. Бул өз кезегинде коомчулукта талкуу жараткан. Бул боюнча маселе көтөргөн депутаттарда болгон. Буга өлкө башчы Садыр Жапаров комментарий берген.
Алексей Ширшовдун мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин уулдары Айдар Акаев жана Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү болгону айтылып келет.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















