Окуучу менен мугалимдин мушташы: Окуя болгон жердеги видео тарады (видео)
Кечээ, 19-февралда Бишкектеги мектептердин биринде мугалим менен окуучу мушташканы тууралуу маалымат тараган.
Ал эми аталган окуянын күбөлөрү окуянын видеосун бөлүшүп, мугалим менен окуучунун ортосунда эч кандай мушташ болбогонун, окуучу бала мугалимди түртүп жибергенин айтышкан.
Видеодон окуучу бала эркек кишини түртүп жибергенде ал асфальт жолго кулап түшкөнүн көрүүгө болот. Ал эми андагы окуучулар түртүп жиберген окуучуну курчап калышкан.
Белгилей кетсек, мушташ тууралуу Биринчи Май райондук милициясы маалымат берип, окуя 16-февралда саат 11:30дар чамасында болгонун, анда мектептердин биринде окуучу менен мугалимдин ортосунда физикалык күч колдонуу менен чыр-чатак чыккандыгын билдирген.
Тергөө учурунда 1957-жылы туулган К.Б. аттуу мугалим 2010-жылы туулган окуучу М.К. боюнча чара көрүүнү суранып арыз жазган. Ал эми окуучу медициналык жардам алуу үчүн бир медициналык мекемеге кайрылган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ден соолукка келтирилген зыяндын деңгээли аныкталууда.
Окуянын видеосу kaktus.media порталына жөнөтүлгөн
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















