super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаевдин шаар мэри катары алгачкы рейди борбордук базарда башталды (видео)

 
Ош шаарындагы борбордук базардын ордун Ташкенттеги "Magic City" сыяктуу заманбап эс алуучу жана маданий борборго айландыруу керек. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Ош шаарынын мэри Жанар Акаев рейд учурунда билдирди.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, жаңы мэр алгачкы рейдин Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан эски Ош базарынын аймагын жеринде көрүп чыгуу менен баштады. Анда сунушталып жаткан долбоорлор менен таанышты.
Акаев аталган аймакты иретке келтирип, шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап эс алуу жайына айландыруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жөө жүрүүчүлөр үчүн шарттарды түзүү, жашыл аймактарды көбөйтүү, кызмат көрсөтүү объекттерин заман талабына ылайык жайгаштыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтты. Ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканаларга аталган аймак боюнча кыска мөөнөттүн ичинде комплекстүү жаңы долбоор иштеп чыгып, аны ишке ашырууда жеке ишкерлер менен тыгыз кызматташуу зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, мэр долбоорго инвестиция салууга ишкерлерди чакырып, мэрия тарабынан тиешелүү колдоо жана шарттар көрсөтүлөрүн баса белгиледи.
Эскерте кетсек, аталган базар өткөн жылы шаардын сыртындагы жаңы комплексге көчүрүлгөн.





Жанар Акаевдин шаар мэри катары алгачкы рейди көчүрүлгөн борбордук базарда өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: