Алексей Ширшов Максим Бакиевдин Испаниядагы мүлкүн кайтарууга жардам берүүдөбү?
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бозгундагы Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин Испаниядагы мүлктөрүн Кыргызстанга алуу иштери жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.
Данияр Амангелдиев бул иштер аягына чыгып калганын, мүлктөрдү мамлекетке алууга Алексей Ширшовдун көрсөтмөлөрү жардам берип жатканын белгилеген.
“Максим Бакиевдин Испаниядагы мүлктөрүн мамлекетке алуу ишине көмөк көрсөтүп жатат. Алексей Ширшов министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Үсөнбекович менен деле иштешкен. Бирок социалдык тармактарда туура эмес сөздөр тарап жатат”,- деген ал.
Амангелдиев Ширшов Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы сүйлөшүүгө катышканын да ырастады.
Буга чейин социалдык тармактарда Орусия менен Кыргызстандын делегацияларынын сүйлөшүүсүндө тартылган сүрөт тараган. Анда Кыргыз тараптын катарынан Алексей Ширшовду көрүүгө болот.
Ширшов коррупцияга шектелип 2022-жылдын 10-майында кармалып, эртеси күнү үй камагына чыгарылган. Бул өз кезегинде коомчулукта талкуу жараткан. Бул боюнча маселе көтөргөн депутаттарда болгон. Буга өлкө башчы Садыр Жапаров комментарий берген.
Алексей Ширшовдун мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин уулдары Айдар Акаев жана Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү болгону айтылып келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















