Казакстан, Өзбекстан катышты... Газага миллиарддаган акча жана аскер жөнөтүү убадалары берилди
Бейшемби, 19-февралда Тынчтык кеңешинин биринчи жыйыны Вашингтондо өтүп, ага дүйнөнүн ар тарабынан келген жыйырмага жакын өлкө лидерлери катышышты.
АКШнын президенти Дональд Трамп жаңы уюмдун ачылыш жыйынында Тынчтык кеңеши үчүн 10 миллиард доллар бөлүүгө убада берди. Бирок ал акча кантип сарпталарын так айткан жок.
АКШнын президенти ошондой эле уюмдун дагы 9 мүчөсү Газага жардам пакети үчүн кошумча 7 миллиард доллар бөлүүгө убада беришкенин жарыялады. Донорлордун арасында Казакстан, Азербайжан, Бириккен Араб Эмираттары, Марокко, Бахрейн, Катар, Сауд Арабиясы, Өзбекстан жана Кувейт бар.
Белгиленген кайрымдуулуктар олуттуу сумманы түзсө да, алар Палестина аймагын калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон 70 миллиард доллардан алда канча аз. Газа Израилдин эки жылдан ашык аскердик аракеттеринен кийин урандыга айланган.
Отурумда Казакстан баш болгон 5 өлкө Газага аскер жөнөтүүгө макул болушканы айтылды. Аскерлер тилкеге тынчтык орнотуучу күчтөргө кошулмакчы.
Эске салсак, 22-январда Швейцариянын Давос шаарында Газа тилкесин башкарууга көмөк кыла турган Тынчтык кеңеши АКШнын президенти Дональд Трамптын катышуусунда түзүлгөн. Андан мурун Вашингтон Газа тилкесин башкаруу боюнча Улуттук комитеттин түзүлгөнүн жана Тынчтык кеңешинин курамын жарыялаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















