super.kg logo

Чүйдө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектүү кармалды

 
Чүй облусунун аймагында банктык картаны пайдалануу менен ири өлчөмдө алдамчылык кылууга шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милиция 20-февралда билдирди.
Милицияга 5-февралда 45 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ушул эле күнү ага WhatsApp тиркемеси аркылуу чалып, төрт орундуу кодду айтууну суранышкан. Андан кийин анын "Элдик банктагы" электрондук капчыгынан 1 999 006 сому мыйзамсыз түрдө чыгарылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 1984-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран аныкталган. Ал Telegram мессенжери аркылуу жарандардан банктык карталарды сатып алып, аларды криптовалюта биржасында иш жүргүзүү үчүн пайдаланарын айтып түшүндүргөн.
Тергөө учурунда уурдалган акча шектүү тарабынан үчүнчү жактардан мурда сатып алынган банктык картага которулгандыгы аныкталган. Аталган карта башка жаранга катталган болуп, мыйзамсыз түрдө накталай акчага айлантуу жана андан ары башка эсептерге которуу максатында колдонулган.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: