Милициянын атын жамынып алдамчылык кылууга шектүүлөр кармалышты (видео)
Өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып алдамчылык кылууга шектүүлөр аныкталды. Бул тууралуу 20-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, аталган адамдар турак жайларда мыйзамсыз ишмердүүлүктү уюштуруу фактыларын аныктоого багытталган кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүү шылтоосу менен жарандардын батирлерине мыйзамсыз кирип, акча талап кылышкандыгы аныкталды. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголду.
Иликтөөнүн алкагында 1995-жылы туулган К.Ж., 1994-жылы туулган Ж.Э., 1995-жылы туулган С.А. аттуу жарандар кармалды. Кармалгандардын бардыгы мурда жеке күзөт агенттиктеринин кызматкерлери болушкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган адамдар Бишкек шаарындагы 15 дарек боюнча ушундай эле аракеттерди жасашкан. Мыйзамсыз аракеттерден келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлери катары тааныштырган адамдар аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:42
2026-02-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















