Дэн Сяопин проспектинин түштүк тарабы убактылуу жабылат
Бишкектеги Дэн Сяопин проспектинин түштүк тарабы 24-февралдан тарта оңдоо иштери үчүн убактылуу жабылат.
Мэрия кабарлагандай, аталган проспектте Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки 4,458 чакырым аралыгы оңдолот.
Бул тилкеде оңдоо иштери суу түтүктөрүн алмаштыруу зарылдыгына байланыштуу эрте башталат. Андан сырткары, жол катмарын алуу, кеңейтүү, бордюрларды жаңылоо, асфальт катмарын жаңылоо иштери жүргүзүлөт.
Эскерте кетсек, 2025-жылы аталган проспекттин түндүк тарабы оңдоп-түзөөдөн өткөн. Графикке ылайык, оңдоо иштери үч этапка бөлүнөт, ал эми тилкелерди бир айдын ичинде этап-этабы менен ачуу пландаштырылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:11
2026-02-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















