Жылдын эң күтүлгөн тасмаларынын трейлерлери чыкты
Интернетте жылдын эң көп күтүлгөн тасмаларынын трейлерлери жарыяланды.
Атап айтсак, Disney жана Pixar биргеликте "Оюнчуктардын баяны 5" (Toy story 5) анимациялык тасмасынын трейлерин сунуштады. Бул бөлүктө Вуди, Базз жана Жесси жаңы окуяларга туш болушат. Бул жолу алар балдардын оюн ээлеп алган заманбап гаджеттер менен атаандашат. Тасманын бет ачары 19-июнга белгиленген.
Ошондой эле HBO компаниясы "Ажыдаардын үйү" (House of the Dragon) сериалынын үчүнчү сезонуна алгачкы тизерди көрсөттү. Бири-бирине каршылашкан Таргариендер жаңы салгылашууга даярданып, асманды кайрадан ажыдаарлар каптайт. Сериалдын премьерасы июнь айында болот.
Мындан тышкары "Учтуу баш кийимчендер: Өлбөс адам" (Peaky Blinders: The Immortal Man) толук метраждуу тасмасы көрүүчүлөрдү 1940-жылдардагы Бирмингемге алып барат. Окуялар экинчи дүйнөлүк согуштун фонунда жана кылмышкерлеринин тирешүүлөрүнүн жаңы толкуну күчөгөн учурларда өнүгөт. Тасма 6-марттан тарта прокатка чыгат, ал эми 20-мартта Netflix платформасында жарык көрөт.
"Оюнчуктардын баяны 5"
"Ажыдаардын үйү"
"Учтуу баш кийимчендер: Өлбөс адам"
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















