Аскат Алагөзов комузчу япон кызы менен жолукту (видео)
Бүгүн, 20-февралда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Япониядан келип Бишкекте окуп жаткан Айя аттуу кызды кабыл алды.
Анын айтымында, япон кызы кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууга салым кошуп келет.
"Комуз күүсү чек билбейт. Алыскы Япониядан келип Бишкекте окуп жаткан Айя бизде мейманда болуп кетти. Айя биздин улуттук кийим, улуттук аспап, ыр-күүлөрүбүздү соцтармактар аркылуу өз өлкөсүнө жан дили менен тааныштырып келет",- деди ал.
Жолугушууда эки өлкөнүн маданияты тууралуу сөз болуп, Айя Кыргызстанды жакшы көрөрүн, бир жылда кыргыз тилин үйрөнгөнүн, комуз чертип жатканын жана Японияда да комуз үйрөтүү ийрими бар экенини билдирди.
Алагөзов жолугушуунун алкагында япон кызына кыргыз балын жана китеп белек кылды.
Аскат Алагөзов кыргыз маданиятын жайылтып жаткан япон комузчу кыз менен жолукту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:11
2026-02-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















