Касымалиев Ысык-Көлдөгү күн электр станцияларынын курулушу менен таанышты
Бүгүн, 20-февралда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, кайра жаралуучу энергетика тармагындагы бир нече маанилүү долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты.
Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, алгач өкмөт башчы Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына барып, "Бишкек Солар" ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылып жаткан күн электр станциясынын курулуш долбоору менен таанышты. Аталган компаниянын билдирүүсү боюнча, курулуш иштери 80 пайызга аткарылган. Долбоорду алгач 36 айда бүтүрүү пландаштырылган, бирок иштин жогорку натыйжалуулугунун аркасында аяктоо мөөнөтү 24 айга чейин кыскартылган. Кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи кезекти 2026-жылдын августунда, ал эми кийинки кезектерди 2027-жылдын августунда ишке киргизүү пландаштырылууда.
Андан ары вьетнамдык "Рокс Энержи Глобал" компаниясы тарабынан Ысык-Көл районунун Кызыл-Орук айылында ишке ашырылып жаткан долбоор менен таанышты. "Ысык-Көл-1" күн электр станциясынын бүткүл комплексинин курулушу 2028-жылы аяктайт деп пландаштырылган.
Касымалиев иш сапарынын жүрүшүндө инвесторлордун активдүүлүгүн жана долбоорлорду ишке ашыруу темпин жогору баалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















