super.kg logo

Караколдон тамак буюртма кылууну шылтоолоп, алдап акча алып жүрүүгө шектүү кармалды 

 
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан тамак буюртма кылууну шылтоолоп, алдамчылык кылууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 22-декабрында шаардык милиция бөлүмүнө Э.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, белгисиз жаран телефон аркылуу 6 порция тамакты Каракол шаарынын мэриясына жеткирип берүү боюнча буюртма берген. Арыз ээси буюртманы жөнөткөндөн кийин, шектүү телефон чалып 23 миң сомду картасына сала келүүнү суранган. Бирок шектүү картасына акча которулгандан кийин телефонун өчүрүп койгон.
Бир айдан кийин шаардык милицияга О.Э. аттуу жаран кайрадан эле ушундай бирдирүү менен арыз жазган. Анда шектүү тамак буюртма берип, 7500 сомду картасына салып коюну суранып, келгенде берерин айткан.
Фактылар боюнча иш козголуп, шектүү катары Сузак районунун 33 жаштагы Т.Х. аттуу тургуну Бишкек шаарынан 16-февралда кармалган. Алдын ала суракта шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Каракол шаардык соту тарабынан бир ай камакка алуу чечими чыккан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: