super.kg logo

Саламаттык сактоо министринин орун басары эки бейтаптын жүрөгүнө оор операция жасады

 

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда абалы оор деп бааланган бейтаптарга митралдык клапанды алмаштыруу боюнча татаал операциялар жасалды. Аны саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Кадыралиев колго алганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, операция ийгиликтүү өттү. Бейтаптардын бири канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылса, экинчиси стационарда дарылануусун улантып, этап-этабы менен реабилитациядан өтүүдө.

"Бул операциялар институттун жаш кардиохирургдары үчүн практикалык мастер-класс болду. Иштин жүрүшүндө адистер татаал учурларда дарылоо тактикасын байкоого, кардиохирургиялык дарылоонун заманбап ыкмаларын жана өтө татаал операцияларда чечим кабыл алуунун өзгөчөлүктөрүн талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты. Улуттук кардиохирургиянын өнүгүшү, тажрыйбанын жаш дарыгерлерге өткөрүлүп берилиши жана заманбап технологиялардын киргизилиши алдыңкы клиникалардын деңгээлинде жардам көрсөтүүгө шарт түзөт. Бул жарандарга чет өлкөгө чыкпастан, өз мекенинде дарылануу мүмкүнчүлүгүн берет",- деп белгиленген маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: