Оштогу темир усталар иштеген жер заманбап туристтик жай болот. Жаңы мэрдин планы (видео)
Бүгүн, 20-февралда Ош шаарынын мэри Жанар Акаев эски Ош базарын кыдыруунун алкагында темир усталар менен жолугушту.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы базардын учурдагы абалына көңүл буруп, усталар иштеп жаткан жайларды заманбап талаптарга ылайык иретке келтирүү, санитардык жана коопсуздук шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.
Мэр аталган аймакты иретке келтирип, улуттук кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө багытталган туристтик шаарчага айландыруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле бул аймак соода-сатык жүргүзүлүүчү жайга айланбай, негизинен кол өнөрчүлөрдүн шаарчасы катары иш алып барарын белгиледи.
Оштогу темир усталар иштеген жер заманбап туристтик жайга айланат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2026-02-20
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















