super.kg logo

Эмгек министри Индиянын элчиси менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

 
Бүгүн, 20-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр Канат Сагынбаевдин Индиянын элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар эмгек, иш менен камсыз кылуу жана эл аралык эмгек мобилдүүлүгү жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышып, Индиядан келген эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Министр Индия менен конструктивдүү диалогду өнүктүрүү социалдык-эмгек тармагындагы мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоодо, ошондой эле чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн татыктуу эмгек шарттарын жана социалдык коргоону камсыз кылуунун механизмдерин калыптандырууда маанилүү экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аталган багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун алкагында активдүү диалогду улантууга жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө ниеттерин ырасташты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: