super.kg logo

Дипломатиялык академияда Эл аралык эне тил күнү белгиленди

 

Бүгүн, 20-февралда К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте 21-февралда белгиленүүчү Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага министрликтин кызматкерлери, академиянын жетекчилиги жана профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле студенттер катышты.

Академиянын ректору Р.М. Рахимов куттуктоо сөзүн сүйлөп, эне тил ар бир элдин руханий мурасы жана сыймыгы экенин белгиледи. Ал тилди сактоо жана өнүктүрүү ар бир муундун жоопкерчилиги экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар ар түрдүү тилдерде китеп окуунун маанилүүлүгүн талкуулашты. Ошондой эле окуу жайда тилдик даярдоого системалуу мамиле жасалары айтылып, студенттер негизги жана кошумча болуп эки чет тилин өздөштүрөрү белгиленди. Бул эл аралык мамилелер жаатында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого өбөлгө түзөрү кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: