Ысык-Атада 2 миллион сомду алдап кеткен шектүү кармалды
Чүйдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция маалымат берди.Маалым болгондой, 5-февралда Ысык-Ата райондук милициясына 1981-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, ошол эле күнү саат 13:21 чамасында ага WhatsApp тиркемеси аркылуу чалып, төрт орундуу кодду айтууну суранышкан. Андан кийин анын "Элдик Банктагы" электрондук капчыгынан 1 миллион 999 миң сом акча каражаты мыйзамсыз түрдө чыгарылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында 1984-жылы туулган Т.Э. аттуу жаранды аныкташкан. Ал Telegram мессенжери аркылуу жарандардан банктык карталарды сатып алып, аларды криптовалюта биржасында иш жүргүзүү үчүн пайдаланарын айтып түшүндүргөн. Алынган ири сумма үчүнчү жактын картасына которулган.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:42
2026-02-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















