super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө жаңы Тергөө комитети түзүлөт. Президенттин реформасы качан ишке ашат?

 

ИИМ дагы өздөрүнө түздөн-түз тиешелүү милдеттер менен гана иш алып барат. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы билдиргендей, жаңы Тергөө комитети түзүлөт, бирок ИИМге тиешелүү тергөө укуктары калат. Тизме түзүлүп, кайсы укуктар кимге берилери мыйзам менен кабыл алынат.

"Тергөөнүн баары аларга өтөт. Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасы болсо, баарынын үстүнөн мыйзамдуу иш алып барылып жатабы, ошону көзөмөлдөйт. Эмне үчүн Тергөө комитетин түзүп жатасыңар десеңиз, биз келечекти жана түбөлүктүүлүктү ойлошубуз керек", - деди президент жаңы Тергөө комитети боюнча билдирип жатып.

Жапаров бүгүнкү күндө абал кандай экендигине токтолду.

"УКМКда да, ИИМде да экөөндө тең ыкчам иликтөө ишмердиги жана тергөөчүлөр бар. Баарынын үстүнөн бир эле министр башкарат. Мисалы, “оперативник” иш алып келет, иш адилетсиз дейли, мисалы, бирөөнү “подстава” кылып эле камап жатат дейли. Тергөөчүгө ишти өткөрүп бергенде тергөөчү “бул ишиң соттон өтпөйт” деп кабыл албай коёт. Анан тергөөчүнүн үстүнөн министр чалат дагы “кабыл алып, кылмыш ишин ач” деген буйрук берет. Тергөөчү айласы жок, амалы жок кылмыш ишин ачат. Ошентип азыркы учурда адилетсиз болуп жаткан фактылар жок эмес. Ал эми Тергөө комитети болсо түздөн-түз президентке баш иет. “Оперативник” менен министр алып келген чийки иштерди кабыл албай коёт. Иш козгобойт", - деди президент.

Өлкө башчысы бул багыт менен барганда адам укуктары 95 пайызга сакталарын баса белгиледи.

"Албетте, адилетсиздикке кабылып жаткан жарандарыбыз камалбайт. Дароо коё берилет. Мына ушундай кылганыбызда гана адам укуктары 100 пайыз болбосо дагы, 95 пайыз сакталат. Келечек муунга коопсуздук камсыздалат. Экономикалык иштер деле ушундай болот. Эгер чындап кылмыш кылсаң камаласың, жалаа жабылып жаткан болсо бошотуласың. Эки башка орган бири-бирине баш ийбей, ортодо туура чечимдер чыгат. Бул иштер келечекте жасала турган иштер. Имараттарын, техникалык базаларын даярдайбыз. Жарлык чыгат, тиешелүү мыйзамдар Жогорку Кеңешке киргизилет, анан талкуудан өтүп кабыл алынгандан кийин уюштуруу иштери башталат", - деди Жапаров.

Реформа кийинки жылы орун аларын билдирген өлкө башчысы быйыл ШКУнун саммити, Көчмөндөр оюнун өткөрүп алуу керектигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: