Өлкөдө 28 миңге жакын аял кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулун алды
2026-жылдын 1-январына карата 27,7 миң аял жөлөкпул алышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды берүү жана төлөө жөнүндө маалыматында белгиледи.Маалым болгондой, каржылоонун жалпы суммасы 634,4 миллион сомду түздү. Орточо жөлөкпул 22,9 сомду түздү.
"Бардык төлөмдөр республикалык бюджеттен каржыланат жана аларды алууга укуктуу бардык аялдарга толук жана өз убагында берилет", - деп кошумчаланган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:33
2026-02-21
14:08
2026-02-21
12:54
2026-02-21
12:49
2026-02-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















