Бишкекте курулуштун шамалдан улам кулап калган тосмосу калыбына келтирилди (видео)
Бүгүн, 21-февралда, эртең мененки катуу шамалдын кесепетинен Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда курулуп жаткан 14 кабаттуу турак үйдүн убактылуу тосмосу кулап, тротуарды тосуп калды. Бул тууралуу видео интернет желесине тарады.
Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, окуя тууралуу маалымат түшөрү менен министрликтин Мамлекеттик архитектуралык-курулушту контролдоо департаментинин адистери тарабынан ыкчам түрдө тиешелүү чаралар көрүлдү.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш объектисинде коопсуздук талаптарынын толук сакталбагандыгы аныкталды. Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Жаз Строй» ЖЧКсына карата 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле убактылуу тосмо кайрадан орнотулуп, тосмону толук калыбына келтирүү боюнча 1 күндүк мөөнөт менен милдеттүү көрсөтмө берилди. Курулуш министрлиги тарабынан курулуш объектилериндеги шамалдын кесепетинен кулаган тосмолор жана коопсуздук талаптарынын бузулушу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында курулуш объектилери мыйзам чегинде көзөмөлгө алынууда", - деп белгиленген маалыматта.
Бишкекте курулуштун шамалдан улам кулап калган тосмосу калыбына келтирилди
0

Супер-Инфо
super.kg видео















