ӨКМдин куткаруучулары жаңы министр менен биргеликте абадан учуу машыгуусун өткөрдү (видео)
2026-жылга бекитилген жаңы окутуу программасына ылайык ӨКМдин “Байтик” аэродромунда Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде аба-десанттык даярдык көрүү боюнча машыгуу өттү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.Маалым болгондой, машыгуунун жүрүшүндө жаңы дайындалган министр аба аркылуу түшүрүлгөн куткаруучулардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, ар бир секирүүдө алдын ала дыкат текшерүүдөн өткөрүлүшү керектигин белгиледи. Ошондой эле ал мындай машыгууларды уюштуруу менен куткаруучулардын профессионалдык деңгээлин жогорулатууга шарт түзүлөрүн, натыйжада калктын коопсуздугун камсыздоого жана ар кандай өзгөчө кырдаалдарга ыкчам, натыйжалуу жооп кайтарууга өбөлгө болорун кошумчалады.
"Негизги максат өзгөчө кырдаалдарда ыкчам аракеттенүү жөндөмүн жогорулатуу, жетүүгө кыйын болгон аймактарга коопсуз конуу ыкмаларын өркүндөтүү жана жабыркагандарды эвакуациялоо боюнча практикалык көндүмдөрдү бекемдөө болду. Мындай машыгуулар атайын бекитилген пландарга ылайык өткөрүлүп, куткаруучулар өз тажрыйбаларын бышыктап турушат", - деп белгиленген маалыматта.
ӨКМдин куткаруучулары жаңы министр менен биргеликте абадан учуу машыгуусун өткөрдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:54
2026-02-21
12:49
2026-02-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















