Жолдошу тарабынан кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева учурдагы абалын билдирди
Мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын кулагына жасалган операция ийгиликтүү өтүп, айыгып келе жатканын социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.
"Операция аяктады. Дарыгерлерге жана мени колдогон бардык адамдарга чоң рахмат. Алдыда айыгуу жана жаңы ишеним турат", - деди ал.
Буга чейин мурдуна жасалган операциясы йгиликтүү болгонун билдирген.
Эске салсак, 2023-жылы 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин ооруканага түшкөн. Милиция мурдагы аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.
Былтыр 26-январда Чүйдүн Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду коюлган 11 айыптын ичинен 10 айып боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















