Ош. 2013-жылдын жыйынтыгын чыгаруу үчүн коллегиялык жыйын болуп өттү
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катышуусунда жыйын


Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катышуусунда жыйын

Жыйындын катышуучулары

Жыйындын катышуучулары
Бүгүн, 23-январда Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имаратында 2013-жылдын жыйынтыгын чыгаруу үчүн коллегиялык жыйын болуп өттү. Жыйынга вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана райондун акимдери катышты.
Анда түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары Асилбек Эрмеков облус боюнча 2013-жылдын республикалык бюджетинин планы аткарылбаганын айтты.
Өз кезинде Сооронбай Жээнбеков "ар кандай шылтоону айтпай, кызмат ордуңарды бошотуп койгула. Силер мындан ары да бюджетти толтура албайсыңар",- деди.
Жыйынга катышып жаткан вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жыл жыйынтыгы боюнча тийиштүү жетекчилердин маалыматын укту. Андан соң айыл өкмөттөрүнө кайрылып, баштаган жумушту токтотпой, биргеликте иш алып барууга чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

