super.kg logo

Трамп Потомак дарыясынын булганышынан улам өзгөчө кырдаал жарыялады

 

АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон шаарында өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Мындай чечим Потомак дарыясы агынды суулар менен олуттуу булгангандан кийин кабыл алынганын Федералдык өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги 21-февралда билдирди.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, 19-январда саркынды суу түтүгү жарылып, натыйжада дарыяга миллиондогон литр тазаланбаган агынды суулар төгүлгөн. Кырсыктын кесепеттери аймакка дагы деле таасирин тийгизип жаткандыктан, өзгөчө кырдаал режими күчөтүлгөн чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет. Чечим жардамды координациялоого жана кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин уюштурууга укук берет. Операцияларды жетектөөчү болуп агенттиктин өкүлү Марк О’Хэнлон дайындалды.

Буга чейин Трамп бул экологиялык көйгөй тууралуу өзүнүн Truth Social социалдык тармагында билдирген. Анын айтымында, канализациянын жарылышы Мэриленд штатында болгон. Президент борбордук аймакта жагымсыз жыт кескин күчөгөнүн да белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: