Бишкекте 260 миң долларга алдап кеткен шектүү кармалды
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.Маалым болгондой, милицияга У.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылды. Анда С.Н. аттуу жаран 2025-жылдын февраль айынан июнь айына чейин андан жалпы саны 10 даана электр унаасын алып кетип, акчасын кайтарбай жатканын белгилеген. Жалпы келтирилген чыгым 260 миң долларды түзгөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду. Натыйжада шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:42
2026-02-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















