Атабеков, Киркоров, Tasso... Бишкекте 23-февралга карата майрамдык концерт өттү (сүрөттөр)
Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында 22-февралда Ата Мекенди коргоо күнүнө арналган майрамдык концерт болуп өттү.
Концерттик программага белгилүү ырчылар Стас Михайлов, Zivert, Филипп Киркоров, Николай Басков, Слава, Tasso жана Кыргыз эстрада ырчылары Мирбек Атабеков, Омар, Гүлзада Рыскулова, Жылдыз Осмоналиева, Аксай Мукамбетов катышты.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев иш-чарада Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, аскер кызматкерлерине, ардагерлерге жана өлкөнүн тынчтыгы менен коопсуздугун камсыз кылып турган жарандарга ыраазычылык билдирди.
Иш-чарада көрүүчүлөрдүн арасында байге ойнотулду. Анын алкагында 10 даана CHANGAN автоунаасы, 10 даана iPhone 17 Pro смартфону жана 10 даана iPad планшети тапшырылды.
Кече майрамдык фейерверк менен коштолду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















