super.kg logo

Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

 
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 23-февралда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, У. аттуу жаран 2024-жылдын декабрь айында М.Б. аттуу жаранды "Kumtor Gold Company" компаниясына жумушка орноштурам деп ишенимине кирип, алдоо жолу менен 135 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, белгисиз тарапка качып кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1990-жылы туулган З.У. аттуу жаран кармалды. Учурда анын ушул сыяктуу дагы алты кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: