super.kg logo

АКШда Трамптын резиденциясына кирүүгө аракет кылган адам атып өлтүрүлдү

 

АКШда Дональд Трамптын резиденциясына кирүүгө аракет кылган адам коопсуздук кызматкерлери тарабынан атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу АКШнын Жашыруун кызматынын басма сөз катчысы Энтони Гульельми билдирди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, болжол менен 20 жаштардагы жаран Флорида штатындагы Мар-а-Лаго мүлкүнүн түндүк дарбазасынын жанынан табылган. Ал ошол жерде атып өлтүрүлгөн.

Маалыматка караганда, жаш жигиттин жанынан ок атуучу курал (дробовик) жана күйүүчү май куюлган идиш (канистра) табылган.

Учурда анын бул аракетке баруу себептери белгисиз бойдон калууда. Окуя болгон учурда Дональд Трамп резиденцияда эмес, Вашингтондо болгону айтылды.

Тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: