"Жубайым Таиландда жолукту". 10 жылдан бери Вьетнамда кафе иштеткен Болот мырза менен маек
SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Вьетнамдын Нячанг шаарында кафе иштетип жаткан Кыргыз ишкери Болот Акимбаев менен маектештик.
Болот Акимбаев Казарман районунда төрөлгөн. 6 жашка чейин дал ушул аймакта чоңоюп, кийинчерээк үй-бүлөсү менен Токмок шаарына көчүп келген. Токмоктогу №9 Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектепте 9-класска чейин окуган. Кийин ушул эле шаардагы кесиптик окуу жайдан билим алган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
"Атамдын көзү өтүп кеткенден кийин Токмокко көчүп келдик. Таякелеримдин колунда чоңойдум. 5-класстан баштап эле жайкы каникулда иштеп, мектеп кийимдериме каражат тапчум. Таежеңем англис тилди үйрөнүмө чоң түркткү, жардамчы да болду".
"Чет өлкөдө алгач гид болуп иштедим"
"2012-жылы Түркиянын Аланья шаарында гид болуп иштедим. Ал жакка "Пегас туристик" деген компания менен баргам. Кийин бул компания мага Вьетнамда гид болуп иштөө тууралуу келишим сунуштады. Кабыл алып, бул жакка алгачкы жолу 2012-жылы келгем. Ал убакта Вьетнам азыркыдай өнүгө элек болчу, ага карабай өзгөчө эли жакты. Анткени эли сылык эле. Мындан улам бул өлкөнү жакшы көрүп калгам. 1 жыл иштеп, келишим аяктаган соң кайра Түркияга кеттим..."
"Өмүрлүк жарымды Таиланддан таптым"
"2013-жылы Түркияда бир сезон иштедим. Андан соң компания менен 2 жылдык келишим түзүп, Таиландга сапар алдым. Пхукет аралында иштеп жүрүп, келинчегим менен таанышып, сүйлөшүп калдым. Жумушта кыргыздардан экөөбүз эле болчубуз. Кыргызстанга барганда баш коштук. Бир аз кыйынчылыктар болду. Анан кайра эле Вьетнамга кайтып келүүнү туура көрдүк".
- Сонун, эмнеге ишкерлик кылуу үчүн Вьетнамды, анын ичинде Нячангды тандап алдыңыз?
- Алгач келгенде Вьетнамдын бир нече шаарларында иштедим. Экинчи жолу келгенде келинчегим менен Нячанг шаарында иштеп калдык. Бул шаар башында бизге жаккан эмес. Азыр болсо, тескерисинче, эң ылайыктуу, эң жакшы шаардай сезилет. Мындан улам бул калаада калууну туура көрдүк.
Нячангда 2016-жылы мотцикл менен жол кырсыгына кабылып калдым. Эки күн комада жатып, операция болдум. Палатада жатканда ушинтип иштеп жүрө берсем, убакыт, жашоо өтө берет экен, өзүм үчүн иштейин деген чечим кабыл алдым. Ошентип 2016-жылы 22-январда кафени ачканбыз. Ал учурда бул шаарда кыргыздардын "Арзуу" деген кафеси бар болчу. Анын ээси биздин жумуштарыбызга кеп-кеңеш, жардам берди. Келинчегим ашпозчулук боюнча онлайн курстарды окуп, ашкананын майда-барат жумуштарына жооптуу болду. А мен менеджерлик тарабын карадым.
- Вьетнам туристтердин агымы үзүлбөгөн өлкө экени белгилүү. Ал жактагы туристтик мезгил кайсыл айларда болот? Кайсы учурларда туристтердин саны азаят?
- Нячанг шаарынын климаты жакшы. Бул жакта ноябрдан баштап февралга чейин жамгырдын сезону болот. Ар жылы ар кандай өтөт. Кээ бир жылы жаанчыл болсо, кайсы бир жылы кургакчыл болот. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Туристтерге эн жакшы мезгил - жаз мезгили, марттын аягынан майдын аягына чейин. Деңиз таза, толкун жок болот. Бул убакта абанын табы да жагымдуу. Жайында абанын температурасы +40 градуска чейин көтөрүлөт. Бирок бул жактагы нымдуулукту эске алганда абдан ысык болот.
- Кафенин аталышы "Кочевник", жакшы экен. Ал тууралуу кенен айтсаныз. Канча жыл болду иштетип жатканыңызга? Кандай тамактар жасалат? Командада канча адам иштейт?
- Аталышы боюнча айтсак, биринчи өз улутубузду, маданиятыбызды башкаларга жайылтуу максаты болду. Экинчиден көчмөн эл болгондуктан, ушул аталышка токтодук. Кафенин логотибинде боз үйдүн түндүгүн көрсөткөнбүз.
2016-жылдан бери акырындан иштеп келе жатабыз.
Бизде аш тизмебизге кыргыз ашканасынан палоо, манты, шорпо сыяктуу тамактар болсо, орус ашканасынан: котлет, вареники жана башка тамактарды кошконбуз. Мындан тышкары, вьетнам ашканасы да бар. Беш бармак, куурдакты аш тизмеден алып койдук. Анткени тамактын жасалышы боюнча талаш-тартыштар жаралган. Ар улуттун өкүлдөрү келишет, ар кими "бизде мындай жасалат, бизде башкача" деп ар кандай жасалышын айтып, талаштуу учурлар болгон.
Командада жумушчулардын көбү - вьетнамдыктар. Алардын көпчүлүгү тейлөө тармагында. Башкы ашпоз - келинчегим. Азыр төртүнчү балабызды күтүп жатабыз. Ошондуктан Кыргызстандан 3 ашпоз келген. Үч филиалыбыз бар. Ар биринде Кыргызстандан келген ашпоздор иштешет. Андан сырткары, 32 вьетнамдык иштейт. Администраторлор дагы Кыргыз жарандары. Алар 1 жылдык келишим менен келишкен. Жакында дагы жаңы өндүрүштү ишке киргизсек деп пландап турабыз. Жайында башталат, буюрса.
- Кафеге кайсы өлкөнүн жарандары көп келишет?
- 2016-жылдын 2020-жылга чейин Орусиядан гана туристтер келишчү. Азыр Кыргызстандан, Казакстандан туристтердин саны көбөйдү. Кыргыздар кайда болбойлу бири-бирибизге жардам берүүгө чоң аракет кылабыз. Кыргызстандан келгендер шаардын ар бурчунда болсо да бизге келип, колдоп кетишет. Учурдан пайдаланып, элиме ыраазычылык билдирем.
Учурда 50 пайыз кардарлар Орусиядан келишсе, 50 пайызын Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандан келгендер түзөт.
- Нячангда ишкерлерге кандай мамиле жасашат, кандай жеңилдиктер берилет?
- Азыркы мыйзамдарга таянып айтсам, чет элдик жаран шаарга инвестиция киргизип, бардык тиешелүү документтерди алса, белгилүү бир убакка чейин салыктан бошотулат. Андан соң таза кирешеден мамлекетке 18 пайыз салык төлөнөт. Эгер ишкердин бардык документтери толук болуп, убагында салык төлөп, карызы жок болсо тийиштүү мекемеден текшерүү жүргүзүлбөйт. Анткени бул жакта баары онлайн системге коюлган.
Мамлекет ишкерлерди колдогонго аракет кылат.
- Адал азыктарды табууда кыйынчылыктар жаралбайбы? Бул маселени кандай чечип жатасыздар?
- Бул жакта чоң көйгөйлөрдүн бири - халал эт азыктарын табуу. Анткени вьетнамдыктарда бул түшүнүк жокко эсе. Себеби калктын 1 пайызы гана ислам динин карманат. Эми халал индустриясы жанданып жатат. Кээ бир азыктарда халал белгилери коюла баштады. Халал сертификат берген орган пайда болду.
Вьетнам өлкөсү да бул жылга 25 миллион турист тосуп алабыз деген жакшы план койду. Туристтер мурда көбүнчө Кытай, Орусиядан болсо, азыр болсо Европа, Индонезия, Филиппинден, Малайзиядан да келишет. Үч филиалдын бири пиццерия болсо, экөө "Кочевник" ашканасы. 4-филиалыбызды жездем иштетип жатат. Анда чыгыш ашканасы бар.
- Нячангда башка дагы кыргыздар барбы ишкерлик кылган? Кабарлашып, жардамдашып турасыздарбы?
- Ковидге чейин кыргыздар көп болчу. 40тан ашкан кыргыздардын ортосунда ынтымак бар болчу. Биздин майрамдардын баарын чогуу өткөрчүбүз. Ковидден кийин мекендештердин саны азая түштү. Анткени көпчүлүгү Кыргызстанга кайтышты. Эми кайрадан кыргыздар көбөйө баштадык. Казакстандан көбү келип жатышат. Бул жактыгалар ынтымактуубуз. Чогуу футбол ойноп турабыз. Эми биргеликте ифтар уюштурууну пландап жатабыз.
- Соцтармактан байкаганыма караганда, көп саякаттайт окшойсуз. Саякат сиз үчүн - бул хоббиби же муктаждыкпы?
- Өзүм туризм тармагында иштегендиктен саякаттоо мен үчүн - хобби. Үй-бүлөбүз менен саякаттоого көнгөнбүз. Азыр да жаңы мамлекеттерге барууну пландап турабыз.
- Болот мырза, маек үчүн ыраазычылык билдиребиз! Ишиңизге ийгилик, үй-бүлөлүк бактылуулук каалайбыз!
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















