super.kg logo

Өзбекстан биринчи космонавтын космоско учурууга даярданууда

 

Өзбекстанда космоско уча турган космонавтты тандоо боюнча жалпы улуттук сынак башталды. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өткөн презентация учурунда белгилүү болгонун жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Мирзиёевдин тапшырмасына ылайык, талапкерди издөө жана даярдоо менен алектене турган атайын мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Анда болочок космонавттын ден соолугуна, илимий билимине жана чет тилдерин билүү деңгээлине карата катуу талаптар коюлат.

Мындан тышкары, "Мирзо Улугбек" аттуу биринчи улуттук илимий спутникти түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Аны учуруу 2028-жылга пландалып, иштеп чыгууга Японияда билим алып жаткан өзбекстандык студенттер да катышып жатканы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: