super.kg logo

"Алтын аюу" сыйлыгын "Сары кат" тасмасы жеңип алды

 

Немис режиссёру Илкер Чатактын "Сары кат" тасмасы Берлин эл аралык кинофестивалынын башкы сыйлыгы болгон "Алтын аюуну" жеңип алды. Сыйлык тапшыруу аземи ишемби күнү өттү.

Калыстардын чоң сыйлыгы түрк режиссёру Эмин Алпердин "Куткарылуу" тасмасына ыйгарылды. Америкалык режиссёр Лэнс Хаммердин "Деңиз ханышасы" тасмасы калыстар тобунун атайын сыйлыгына ээ болду.

Британиялык режиссёр Грант Ги "Баарына Билл Эванс жагат" тасмасы үчүн "Мыкты режиссёр" сыйлыгын жеңип алды. Канадалык режиссёр жана сценарист Женевьев Дюлюд-Десель "Нина Роза" тасмасы менен "Мыкты сценарий" наамына татып, "Күмүш аюу" сыйлыгына ээ болду.

Немис актрисасы Сандра Хюллер "Роза" тасмасындагы ролу үчүн "Мыкты башкы актриса" сыйлыгына татып, "Күмүш аюуну" жеңди. "Мыкты экинчи пландагы актёр" үчүн "Күмүш аюу" сыйлыгын актёрлор Анна Калдер-Маршалл жана Том Кортни "Деңиз ханышасы" тасмасындагы ролдору үчүн алышты.

Режиссёрлор Анна Фитч жана Банкер Уайт "Сүйүү - козголоңчу куш" даректүү тасмасы үчүн "Күмүш аюу" сыйлыгына татышты.

76-Берлин эл аралык кинофестивалы 12-февралдан 22-февралга чейин өттү. Немис режиссёру Вим Вендерс негизги сынактык калыстар тобун жетектеди. 76-Берлин кинофестивалынын негизги программасына 22 тасма кирди.

Дүйнөдөгү эң абройлуу кинофестивалдардын бири деп эсептелген Берлин кинофестивалы 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Фестивалдын башкы байгеси болуп "Алтын аюу" эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: