super.kg logo

Күндөлүк 2 (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

 

(Башы өткөн сандарда)

Мен дагы жөн тура алган жокмун, 2-3 жолу денесине катуу тийдим. Бирок ал күчтүүлүк кылып, жерге жыга башыма бир тепкен соң эсимди жоготуп жатып калыптырмын.

Эсиме келсем, маңдайымда эки ак халатчан туруптур. Бирок дагы деле ошол холлдогу диванда жатам. Менден алыста Жапар жубайын кучактап туруптур. Врач:

– Эсине келди, алып кетелиби?- деп Жапарга кайрылганда аялы атырылып:

– Өз каалоосу, барса барсын, барбаса жок. Уктуңбу?! Эй, катын! Бүгүнтөн баштап иштебейсиң бул жерде!- деп кыйкырганда Жапар жубайын далысына таптап, жубата:

– Койчу, жаным, болду эми,- деп токтотуп койду. Жаткан жеримден:

– Жөн жерден денеме залака келтиргениңер үчүн жооп бересиңер,- деп араң айтсам, Жапардын кучагындагы аял суурула:

– Карасаң, эй! Бул кайра мага ооз ачып коёт. Турчу бери!- дегенинен күйөөсү кармап калды. Бир топтон кийин акыбалым жок, шалдырап офистен чыктым. Чыгып баратсам, Жапар жаныма жүгүрүп келе:

– Кечир. Кызыктай эле абал болуп калды. Жубайым кызганчаак да. Мен сага иштеген 3 күнүңдүн акчасын дагы, анан бир аз акча кошуп жөнөтүп жиберем. Сенин алдыңда уялып жатам. Капа болбо, ээ?- деп калып калды. Мен үйгө келдим. Күзгүдөн өзүмдү карасам, тарпым кетип калыптыр. Башым бир аз ооругансыйт. Оозумдун бир чети канап кетиптир. Түнү менен ыйлап чыктым. Жаман болдум. Денем ооруп жатты. Өзгөчө түндө башым катуу ооругандыктан, чыңырып ыйлаганга туура келди. Эптеп таңды атырдым. Азыр да башым ооруп турат. Буга чейин деле ооручу, бирок мынчалык эмес. Азыр, күндөлүгүм, сенин барактарыңды толтуруп отурам. Ичимдеги сырым менен бөлүшпөсөм болбойт. Өзүмө катып тура албайм. Кыйналып кетем. Сенин барактарыңды толтурган соң больницага барам деп турам. Башымды текшертейин дейм. Балким, катуу жаракат алгандырмын. Эгер ошондой болсо, Жапардын “чөнтөгүн” кагып алам, чолчоңдогон аялына карабай.

30.10.ХХХХ. Жашоо эмнеге оор? Ал аз келгенсип татаал жана тар. Эмнеге? Жүрөгүмдөн кан агып жатат. Эч кимди угуп, эч бирөөнү көргүм келбей, ансыз да тар дүйнөгө батпай турам. Бул эмнеси? Жыйырма бешке жаңыдан карап калган адам тез эле гүлдөй соолуп калабы? Атам айыкпас, белгисиз дартка кабылып, соолуп жүрүп каза болгонун эжем айтып калчу. Акчанын жоктугунан эле каза болду атакем, болбосо дарыланса айыгып кетет эле деп ойлочумун. Жаңылыптырмын. Жан алгыч оору бар. Атам, көрсө, ошол дартка кабылган тура. Ал дартын үч баласынын ичинен мага аманат кылып калтырып кетиптир. Сага жазып жатып, ыйлап жатам. Ыйлап жатам... Ыйлап жатам. Мен больницага башымды көрсөткөнү баргам. Врачтын: – Ойлонбоңуз. Баары жакшы экен,- деген сөзүнүн ордуна “сиз сөзсүз онкологиялык ооруларга анализ тапшырыңыз. Белгилери бар” деген ачуу сөзүн уктум. Ишенген жокмун. Мамлекеттик ооруканадагы врачтар эмнени билмек эле деп, жеке менчик ооруканага бардым. Көп акча коротуп, анализ тапшырдым. Жыйынтыгы 4 күндө чыкты. Менин деним сак деп текеберленип тургам. Бирок оюмдун баарын таш капты. Баш мээнин рагына кабылганымды кабарлашты. Төртүнчү стадия... Акыркы стадия... Врачтардын сөздөрү дале кулагымда жаңырып турат:

– Бул оору менен ар бир жүзүнчү адам ооруп жатат. Кабатыр болбоңуз. Айыгып жашап жүргөндөр канча? Алматыда онкологиялык клиника бар, ошол жерде мыкты онколог иштейт. Сизди ошол жакка жөнөтөлү. Ал жерде бардык аппарат бар. Дарылоо курсу башталат. Кандай дейсиз? Эч чөкпөңүз.

– Келиңиз эми, реалдуулукка өтөлү. Чынын айтыңызчы, менин канча жашоом калды?

– Сиз жашайсыз. Аракет кылуу керек.

– Башымды оорутпай айтыңыз! Туурасын айтыңыз!- деп бакырып жибердим.

– Көбү бир жыл, баш мээнин рагы билинбей жүрүп өтүшүп кетиптир. Эгер катуу сокку албаганыңызда билбей да калат элеңиз. Үмүт жүздөн бир пайыз,- деп көздөрүн менден ала качты. Калтырап ордумдан араң туруп, эшикке бет алдым. Оорукананын айланасын каптаган бак-дарактар мага ушунчалык кооз көрүнүп турду. Таш... Суу... Жалбырак... Күн... Жадакалса жерде чагылып жаткан мистенин кабыгы да мен үчүн кооз көрүнүп турду. Билесиңби, күндөлүгүм? Бүткүл жашоом бир мүнөттүн ичине батып кетти. Баарын эстедим... Алгачкы окуу, алгачкы сүйүү, жыргал... Билим... Адилет... Алгачкы өбүшүү, алгачкы түн. Достук, сүйүү, кастык, уруш, коркунуч, ый, куса, азап... Баары көз алдыма тартылып кетти. Кызым байкушум, ал эмне болот? Өз энесин билбей жүрө береби? Данегим менин... Апасы аны кандай жакшы көрөрүн билсе кана! Жашоо, эмнеге үмүттү үзөсүң? Мен үчүн жашоонун кызыгы эми башталып келе жатты эле го? Үмүт жок менде. Аракет кылууну да көздөбөдүм. Колдо бар акчамды баркы жок нерсеге коротпой, кызыма жеңилдик түзүп кетейин деп ойлодум. Анын эч нерседен кем болбой жашоосуна аракет кылам. Мына менин үмүтүм. Канча күн болду? Үйдө ичип отурам. Аз жашоом калды. Өзүм үчүн жана кызым үчүн жашайм.


Уландысы шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: