Лейлекте 3 миңден ашык тургун таза суу менен камсыздалат
Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында 3 миңден ашуун тургун таза ичүүчү суу менен камсыздалат. Бул тууралуу 23-февралда Суу ресурстары, айыл чарба министрилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашыруунун алкагында инфраструктура кеңири жаңыртылды: таза суу сактоочу жаңы резервуарлар курулуп, заманбап хлоратордук курулмалар орнотулду, суу алуучу жайлар жаңыланып, жалпы узундугу 17 чакырымдан ашык болгон магистралдык жана бөлүштүрүүчү суу түтүктөрү тартылды.
Курулуш иштеринин аякташы Мурас айылынын 3 миң 408 тургунунун жашоо сапатын жогорулатууда маанилүү кадам болуп, суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга жана узак мөөнөттүү пайдаланууга шарт түзөт.
Объектти пайдаланууга берүү 537 кожолукту борборлоштурулган суу менен камсыздоо системине туташтырууга мүмкүндүк берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2026-02-23
15:35
2026-02-23
14:52
2026-02-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















