Таласта МИКтин үйлөрүнүн курулушчуларына жардам көрсөтүлдү
Акыйкатчы институту Таласта жумушчулардын эмгек укуктарын коргоого жана кайра жумушка орношууга жардам бергенин кабарлады.
Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага 21 киши кайрылып, эмгек укуктарын коргоп берүүнү өтүнүшкөн. Алар 5-16-январь аралыгында Талас шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунда иштеп келишкен. Бирок аларды 16-январда эч кандай жүйөсү жок эле иштен кетирип, ордуна 60ка жакын коңшу өлкөнүн жарандарын алышкан.
Мындан улам акыйкатчы Мамлекеттик ипотекалык компанияга жана Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө расмий кат жолдогон.
"Мамлекеттик ипотекалык компаниянын институтка берген жообунда алар үйлөрдүн курулуусуна буюртма берүүгө гана жооптуу экенин, ал эми курулуш иштерин мамлекеттик “Кыргызстройсервис” ишканасы жүргүзөрүн билдирген. Ал арада үйдү куруп жаткан менчик компания алмашып, мурдагы ишкана январь айында ишин жыйыктыктап, курулушту улантууга башка ишкана тартылган.
Акыйкатчы институтунун кайрылуусунан кийин азыркы компания тиешелүү квалификациясы жана тажрыйбасы бар жергиликтүү тургундарды жумушка алууга макул болду. Февраль айында арыз ээлери кайрадан жумушка алынганын маалымдап, көрсөтүлгөн көмөк үчүн акыйкатчыга ыраазычылык билдиришти",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2026-02-23
15:35
2026-02-23
14:52
2026-02-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















