Бишкекте "Ак-Ниет" балдар борборунун 6 өспүрүмү дайынсыз болууда
Бишкек шаардык милициясы "Ак-Ниет" борборунун 6 тарбиялануучусу дайынсыз болуп жатканын кабарлап, изөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
- 20-январда, саат 14:00 чамасында борбордун 15 жаштагы тарбиялануучусу Лилия Төлөмүшөва Жал кичи районунда жайгашкан №72 орто мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Өзгөчө бегилери: Бою 165-170 сантиметр, чачы кара, узун. Кийген кийими: Кара түстөгү күрмө, кара шым, кара спорттук бут кийим, кара түстөгү сумка.
- 12-февралда, болжол менен саат 19:30 чамасында 15 жаштагы Билал Мусурманкулов аталган борбордон качып кеткен. Белгилери: Бою 170-175 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы кара түстө.
- 13-февраль күнү саат 18:00 чамасында борбордон 14 жаштагы Нурболот Замирбеков качып кеткен. Ал буга чейин да бир нече жолу качып дайынсыз болуп жүргөн.
- 17-февралда саат 11:00 чамасында 14 жаштагы Кристина Суханова качып кетип дайынсыз болууда.
- 18-февралда 14 жаштагы Ислам Токтогулов качып кеткен.
- 19-февралда, саат 14:00 чамасында борбордун 16 жаштагы Айданек Дүйшеева аттуу тарбиялануучусу №72 орто мектептен чыгып кетип дайынсыз болууда.
Милиция аты аталган өспүрүмдөрдү көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 996 224 214 346, 996 706 575 793, 996 702 519 806, 996 550 102 238.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















