super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин төрагасы Орусиянын элчисин кабыл алды

 
Төрага Марлен Маматалиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Бул тууралуу 23-февралда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар эки өлкө ортосундагы калыптанган кызматташтыкты жигердүү улантуу тууралуу маселелер боюнча ой бөлүштү. “Эки мамлекет ортосундагы саясий диалог жана стратегиялык өнөктөштүк жогорку деңгээлде экенин баарыбызга белгилүү. Биз достукка жана өз ара ишенимге негизделген байланыштарды мындан ары да улантып, парламенттер аралык алакаларды да жигердүү өнүктүрүшүбүз кажет”,- деп билдирди төрага. Муну менен катар жакынкы аралыкта Орусияга расмий сапар менен барарын айтты.
Буга кошумча айрым актуалдуу маселелерге токтолуп кыргызстандык эмгек мигранттарына жана алардын үй бүлөлөрүнө түзүлгөн шарт жагдайды жакшыртуу жаатындагы айрым сунуштары менен бөлүштү. Ошондой эле Кыргызстанда орусиялык номур менен жүргөн унааларды мыйзамдаштыруу жаатында да биргелешип иш алып баруу зарыл экенин айтты. “Чечилбеген маселе болбойт. Өнөктөш өлкөлөр катары ар бир маселени ачык талкуулап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен бардык маселени чечишибиз керек”,- деп кошумчалады.
Ал эми Орусиянын элчиси Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады. Андан тышкары, элчи катары төраганын алдыдагы расмий сапарын уюштурууга болгон күч-аракетин жумшап, көмөк көрсөтөрүн убада кылып, айтылган ар бир сунуш маанилүү экенин белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: