Бир катар кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдар ыйгарылды
Өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгарды.
Президенттин администрациясы тараткан билдирүүгө ылайык, УКМКнын төрагасынын орун басарлары Акылбек Намазовго, Уранбек Шадыбековго, Алишер Эрбаевге, коргоо министринин орун басарлары Тариэл Отонбаевге, Таалайбек Шаршеевге, абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы Талантбек Талиповго генерал-майор жогорку аскердик наамы берилсе, башкы прокурордун биринчи орун басары Малик Бектургановго юстициянын генерал-майору атайын наамы ыйгарылган.
Ошондой эле УКМКнын башчысы менен ички иштер министрине да наамдар берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:03
2026-02-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















