super.kg logo

Таймурастын аты аталды... Министр Төрөбаевдин телефондо сүйлөшкөн аудиосу тарап жатат

 

Социалдык тармактарда айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин телефондук сүйлөшүүсү делген аудио тарап жатат.

Анда Төрөбаев менен сүйлөшкөн адам УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас заводду тартып алганын айтканын угууга болот. Ал жерин эле сатканын белгилеп, заводду бузуп кетүү пландалганын кошумчалайт.

Министр менен сүйлөшкөн адам Эркин Төрөбаев болушу мүмкүн. Ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бакыт Төрөбаев жетектеген "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан талапкер болгон. 2021-жылдын октябрь айында ага Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынан бош орун ыйгарылган.

2009-жылдан бери ал күйүүчү майдын дүң соодагери болгон "Уфа-Нефтетрейд" ЖЧКсынын башкы директору болуп иштээри айтылат.






Таймурас аталды... Министр Төрөбаевдин үн жазыруусу тарап жатат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: