Кундузбек Сулайманов мандатын тапшырганына түшүндүрмө берди
Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырган Кундузбек Сулайманов коомдогу бөлүнүүнү тереңдетпөө максатында депутаттык ишмердүүлүгүн токтотуу чечимин кабыл алганын билдирди.
"Мен депутаттык ыйгарым укуктарымды өз ыктыярым менен тапшыруу чечимин кабыл алдым. Бул чечим терең ойлонуу менен, бардык жагдайларды эске алуу аркылуу кабыл алынды. Кызматымдын жүрүшүндө элдин үнүн угууга, көйгөйлөрдү көтөрүүгө жана мүмкүн болушунча чечүүгө аракет кылдым. Ар бир кайрылуу мен үчүн маанилүү болду. Баарын бир күндө өзгөртүү мүмкүн эмес экенин билебиз. Бирок ошого карабастан ар дайым аракетте болдум.
Мен кызматка келгенде "кызматым элимдин бакубат жашоосу үчүн" деп келгенмин жана бул принцип өзгөрбөйт. Элге кызмат кылуу мандат менен гана чектелбейт. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылып, эки жаат болуп талаш-тартыштар жаралганын көрдүм. Мен үчүн эң башкысы - элдин ынтымагы жана мамлекеттин тынчтыгы. Мандат менин абийиримден, беделимден жана элдин биримдигинен жогору турбайт. Коомдогу бөлүнүүнү тереңдетпөө максатында депутаттык ишмердүүлүгүмдү токтотууну туура көрдүм",- деп жазды ал Facebook баракчасына.
Айта кетсек, бүгүн, 23-февралда БШК аны депутаттык мандатынан ажыратты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:03
2026-02-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















