super.kg logo

Жеки Чан казакстандык фигуристке оюнчук пандаларды белек кылды

 

Италияда өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарынын алкагында өткөн көрсөтмө номерден кийин белгилүү актёр Жеки Чан муз үстүнө чыгып, казакстандык Олимпиада чемпиону Михаил Шайдоровго эки жумшак панда белек кылды.

Маалыматка ылайык, көрсөтмө программалары ишемби күнү өткөн. Шайдоров муз аянтына “Кунг-фу Панда”мультфильминдеги башкы каарман Понун образында чыкты.

Номерден кийин актёр спортчуну жылуу кучактап, белегин тапшырды.

Мен муну ичимден каалагам, бирок баары күтүүсүз болду. Муз аянтчасына келгенде Жеки Чандын бул жерде экенин билдим. Дароо сүрөткө түшүүгө чуркадым. Ал мени куттуктап, анын гала-номеримди сөзсүз көрүшү керектигин айттым. Ал макул болду. Бул укмуш сезим”,- деди спортчу.

Буга чейин Шайдоров эркектер арасындагы жалгыз муз тебүүдө Олимпиада-2026нын алтын медалын жеңген.

Милан жана Кортина-д’Ампеццодо өткөн Олимпиада оюндары 22-февралда жыйынтыкталды.






Жеки Чан Олимпиада чемпиону Михаил Шайдоровго эки жумшак панда белек кылды.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: