Кундузбек Сулайманов телефондук сүйлөшүүсү боюнча комментарий берди
Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырган Кундузбек Сулайманов социалдык тармактарда тарап жаткан аудиожазуу боюнча комментарий берди.
"Ал бала менен жеке тааныштыгым жок. Мага эч кандай басым же мажбурлоо болгон эмес. Тескерисинче, анын жетекчилери тарабынан кысым болуп жатканын укканда, маселени тынч жол менен чечүү керектигин, катуу уруш-талашка барбоону айткам. Бул чечимди сыноо катары кабыл албайм. Аны саясатташтырбоону өтүнөм", - деп жазды ал Facebook баракчасына.
Сулайманов ошондой эле мандатын тапшырып бергенинин себибин да айтты.
Айта кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Кундузбек Сулаймановдун таанышын кызматка дайындоодо чыккан пикир келишпестик маселеси боюнча аудиожазуу тараган. Анда эл өкүлү дайындап, кызматка алып барган тааныш баланы жетекчиси урушуп койгондугу баяндалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:03
2026-02-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















