Борттогу тамак сапаты: Жаңы талаптар сунушталды (видео)
“Манас Менеджмент" компаниясы "Аэромар” компаниясы менен учактардагы тамактын сапатын жакшыртуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда Кыргызстан Аэропортторунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар борттук тамактандырууну өндүрүү жана жеткирүү тармагындагы стратегиялык кызматташуунун келечеги, кесиптик тажрыйба алмашуу, сапат жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча заманбап стандарттарды киргизүү, ошондой эле ишканалардын технологиялык базасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Айрыкча, эл аралык авиакомпаниялардын талаптарына ылайык тамак-аштын ассортиментин кеңейтүү жана жүргүнчүлөр үчүн сервистин деңгээлин жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
“Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу Борттук тамактандыруу борборунун өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүгө, көрсөтүлүүчү кызматтардын спектрин кеңейтүүгө жана авиациялык сервистин региондук жана эл аралык рыноктогу позициясын бекемдөөгө шарт түзөт”, - деди “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын коммерция боюнча директору Аман Мамаев.
“Биз үчүн күчтүү эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү, алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүү жана борттук тамактандыруу борборунун ишине мыкты стандарттарды киргизүү маанилүү. Бул ишкананын туруктуу өнүгүүсүн камсыздап, кызматтарыбыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат”, - деп кошумчалады “Манас Менеджмент компаниясы” ЖАКтын директору Абсамат Тельтаев.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өндүрүш кубаттуулуктарын модернизациялоого жана авиациялык сервистин сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана кесиптик кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Бишкекте учактардагы тамактын сапатын жакшыртуу маселеси талкууланды
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















