super.kg logo

Мексикада наркокартелдин лидери өлтүрүлгөндөн кийин башаламандык башталды  

 

Мексиканын армиясынын атайын операциясы учурунда өлкөнүн ири наркокартелдеринин бири — Жаңы Халиско мууну (CJNG) лидери Немесио Осегера Сервантес, кеңири белгилүү аты менен Эль Менчо өлтүрүлгөнүн Мексика өкмөтү 22-февралда жарыялады.

Эль Менчо көп жылдар бою CJNG картелин жетектеп, өлкөдөгү эң кооптуу жана зомбулукка жигердүү кылмышкерлердин бири катары белгилүү болгон. Картел кокаин, метамфетамин жана фентанил сыяктуу баңгизаттарды АКШга жеткирүү менен алектенген.

The New York Times басылмасынын маалыматына караганда, Осегера Халиско штатындагы Тапальпа шаарында өлтүрүлгөн, ал жерде анын картели түзүлгөн жана негизделген болчу. Вашингтондогу Мексика элчилиги операцияга кошумча маалыматты АКШ бергенин билдирди.

Мексиканын беш штатында, анын ичинде Халискодо, башаламандык жаралган. Жергиликтүү тургундар жана аймактык бийлик өрттөлгөн унаалар жана көчөлөрдү тосуу сыяктуу чараларды картелдердин кеңири колдонгон тактикасы катары кабарлашты.

Халиско штатында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Айрым райондордо коомдук транспорт убактылуу токтотулуп, жергиликтүү тургундарга имараттарды таштап чыкпоого кеңеш берилди. Өрттөлгөн автоунаалардын айрымдары штаттын борбору Гвадалахара шаарында катталып, ал жакта бир нече айдан кийин футбол боюнча дүйнө чемпиондугу өтүшү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: