Тараган аудио боюнча Ташиевдин уулу түшүндүрмө берди
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев социалдык тармактарга тараган аудиожазуу боюнча “Регион ТВ” телеканалына комментарий берди.
Ташиевдин айтымында, ал заводду сатып алган.
"Ал жерде эч кандай завод болгон эмес. Аны мен 2022-жылы сатып алгам. Тартып алды деген нерсе болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес эле. Так канча төлөгөнүм эсимде жок, болжол менен 470 миң долларга алгам.
Экинчиден, ал жерде завод эмес, ордунда темир-тезектер бар болчу. Ал жерди бузуп, мектеп салалы деген ниет болгон. Анын ээси кымбат сатам дегенинен ортого Бакыт Төрөбаев түшүп, баасын түшүрүп берген.
Дүкөн боюнча айтсам, аталган жер тилкеси менен ортосу 3-4 үй. Ал жерге балдар аянтчасын куралы деген максатыбыз бар болчу. 80 миң долларга сатып алгам. Азыр биздин үй-бүлөбүзгө карата каралоолор болуп жатат", - деп билдирди Тай-Мурас Ташиев.
Буга чейин социалдык тармактарда айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин Эркин аттуу адам менен телефондон сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда Төрөбаев менен сүйлөшкөн адам Тай-Мурас Ташиев заводду тартып алды деп айтканын угууга болот.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















