super.kg logo

Ош мэриясы 100 күндүк иш-планды коомчулукка сунуштайт

 

Ош шаарында 100 күндүк жана 1 жылдык стратегиялык план жарыяланат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев аппараттык жыйын өткөрүп, алдыдагы артыкчылыктуу милдеттерди тактады. Шаар башчысы президент тарабынан коюлган тапшырмаларды ыкчам аткаруу жана шаарды өнүктүрүүдө ар бир саат, ар бир мүнөт маанилүү экенин белгилеген.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү шаарды өнүктүрүүнүн 100 күндүк жана 1 жылдык стратегиялык планы иштелип чыгып, коомчулукка жарыяланат. Документте социалдык тармак, экономика жана курулуш багытындагы ири долбоорлор камтылары айтылды.

Мэр пландарды ишке ашырууда бирдиктүү жана жигердүү иш алып баруу зарыл экенин баса белгилеп, кызматкерлерди темпти түшүрбөөгө, адамгерчиликтин, мыйзамдын жана мамлекеттик этиканын алкагында жоопкерчиликтүү иштөөгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: