Женевада Кыргызстан-Индонезия кызматташтыгы талкууланды
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Женева шаарында Индонезиянын тышкы иштер министри Сугионо менен жолугушту.ТИМден билдиргендей, тараптар кыргыз-индонезиялык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.
Жолугушууда министрлер саясий диалогду жандандыруунун, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун, эки тараптуу байланыштарды чыңдоонун жана БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Тараптар бизнес-форумдарды өткөрүү аркылуу экономикалык байланыштарды күчөтүү боюнча макулдашып, Кыргызстанда халал индустриясын өнүктүрүү багытында кызматташууну жолго коюуга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар көп тараптуу жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого, практикалык кызматташууну кеңейтүүгө өз ара даяр экендиктерин ырасташты. Ошондой эле эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн жана туруктуу саясий консультациялар механизмдерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:08
2026-02-24
14:30
2026-02-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















