super.kg logo
  Саясат  

Төрага Маматалиев Орусияга иш сапары менен барат 

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Орусияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу 23-февралда төрага Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушканда белгилүү болду.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы калыптанган кызматташтыкты жигердүү улантуу тууралуу сөз болуп, тараптар аталган багыттагы айрым маселелер боюнча ой бөлүштү.

Жолугушууда төрага жакынкы аралыкта Орусияга расмий сапар менен барарын белгилеген.

“Бул сапар парламенттер аралык диалогду эле эмес, мамлекеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Андыктан, жолугушууларда эки тараптуу байланыштарга тиешелүү жагдайлар талкууланып, расмий сапар жемиштүү болот деген ишеничтемин”,- дейт төрага.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: