super.kg logo

АКШ Сириядагы эң ири базасынан аскерлерин чыгара баштады

 

Кечээ, 23-февралда АКШ Сириянын түндүк-чыгышындагы Хасаке провинциясында жайгашкан Касрак базасынан аскерлерин чыгара баштады. Бул чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, эртең менен базадан ондогон жүк ташуучу унаалар чыгып кеткен. Кийин агенттик Камишли шаарынын четиндеги трасса менен бараткан аскердик колоннанын видеосун жарыялады. АКШнын Борбордук командачылыгы бул боюнча комментарий берүүгө дароо жооп кайтарган жок.

Маалыматка ылайык, Касрак базасынан толук чыгып кетсе да, АКШ жетектеген коалициянын күчтөрү Ирак чек арасына жакын жайгашкан Рмейлан (Хараб ал-Жир) базасында кала берет. Касрак буга чейин Ислам мамлекети радикал тобуна каршы операциялардын негизги борбору болуп келген.

АКШ аскерлери бул аймакка он жылдан ашуун убакыт мурда кирип, күрддөр жетектеген Сириянын демократиялык күчтөрү менен биргеликте жихадчыларга каршы күрөш жүргүзүп келишкен.

Reuters агенттигине АКШнын жогорку даражалуу өкүлү билдиргендей, аскерлерди чыгаруу “шартка жараша жана алдын ала пландалган өткөөл процесстин” алкагында жүрүүдө. Ошол эле учурда Сириянын Коргоо министрлиги жана Сириянын демократиялык күчтөрү бул маалыматка комментарий бере элек.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: