super.kg logo

"Тез жардам" унаасын ээрчиген айдоочуга айып пул салынды (видео)

 

"Тез жардам" унаасын ээрчиген айдоочуга 10 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу 24-февралда Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө, жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

"Жол кыймылынын катышуучулары жолдун кайсы жеринде турганына, ошондой эле жол чырактын сигналдарынын, жол белгилеринин же болбосо жол чийиндеринин талаптарына карабастан жөнгө салуучунун сигналдарынын жана буйруктарынын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү. Атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары жаркылдоочу маяктарын күйгүзүп, кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ушул талаптарды аткарбашы мүмкүн",- деп айтылат маалыматта.






"Тез жардам" унаасын эрчиген айдоочуга айып пул салынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: