Президентке кайрылган... Экс-депутат шайлоодо УКМКнын кысымына туш болгонун айтып чыкты
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Осмон Турдумамбетов өткөн жылы өткөн парламенттик шайлоодо УКМК кызматкерлеринин кысымы менен шайлоодон баш тартканын билдирди.
Ал бул боюнча өлкө башчы Садыр Жапаровго жана башкы прокурордун атына арыз менен кайрылганын белгиледи. Турдумамбетовдун айтымында, былтыр ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына бардык тийиштүү документтерин тапшырып, 300 миң сом күрөөнү төлөгөн. Ал кысымга үгүт иштерин баштаган кезде туш болгон.
"2-ноябрда Токтогулга бара жатканда Кара-Балта шаарынан УКМКнын кызматкерлери тосушуп, Бишкек шаарына алып келишип, кысым көрсөтүү менен БШКга алып барышып, "шайлоого өз каалоом менен катышпайм" деген арыз жаздыртышкан.
Арыз жаздыртышкандан кийин УКМКнын кызматкерлери социалдык тармактарга эч нерсе жазбашым керектигин катуу эскертишкен. Ошол себептен мен тарапташтарымды, үгүтчүлөрүмдү ар кандай провокация кылып кармап, керек болсо камап деле жибере турган ниеттерин көрүп жана ал убакта эч кандай акыйкатка жетпей турганымды сезип, тиштенген бойдон "акыры чындык чыгат, кимдер уюштуруп, кимдер ишке ашырганын" деп, сабыр кылгам. Эми ошол күн келди окшойт.
Менин конституциялык укугумду тебелеп, шайлоого катыштырбай ушундай ыплас жолго барууну кимдер уюштурушкан, бул ишке талапкерлер Борбиев, Сулайманов жана башка жарандар кандай көмөк көргөзүшкөнү текшерүүнүн негизинде аныкталат деп эсептейм.
Кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгын күтсөк, баары кандай болгону, ким кандай роль ойногону ачыкталат деп ишенем. Ошондой эле шайлоо жыйынтыгы жокко чыгып, жаңы шайлоо дайындалат деген үмүттөмүн",- деп жазды ал Facebook баракчасына.
Айта кетсек, Турдумамбетов Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2026-02-24
15:55
2026-02-24
15:08
2026-02-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















